POST1RIGHT
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 270 алтын, 170 күмүш жана 229 коло медаль ойнотулат. Андан сырткары спортчуларга бул сапар "Улуу балбан", "Улуу жаачы" деген наамдар да ыйгарылат. Кезектеги оюндарга дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын да кызыгуусу артууда.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багытта өтөт. Алар спорт, маданият жана илим. Спорт жагын айта турган болсок, быйыл 270 алтын, 170 күмүш жана 229 коло медаль ойнотулат. Эң мыкты оюн көрсөткөн спортчуларга “Улуу балбан”, “Улуу жаачы” деген наамдар ыйгарылат. Мелдешке катышкандар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Бул туурасында Москва менен Бишкек шаарын байланыштырган видео-маалымат жыйынында айтылды.
Москвадагы маалымат жыйында "Нью-Йорк Таймс" басылмасынын журналисттери дүйнөлүк ЖМК үчүн оюндарга катышуу канчалык деңгээлде жеткиликтүү экендигине кызыкты.