ЖЭБдеги абал боюнча депутаттык комиссиянын берген баасы
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Парламент Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого кеткен каражат жана анын максаттуу пайдаланылышы боюнча талкууну бүгүн 17-майда улантат. 16-майда, ЖКтин депутаттары маселени жалпы жыйында кароону улантышты.  

Отурумдун форматы 10-майда өткөн депутаттык комиссиянын жыйынынан айырмаланбай, суроо-жооп иретинде уланды. Жыйын жүрүшүндө жылуулук борборундагы авария эски блокто болгондугу белгиленди. Айрым депутаттар алынган насыялардын кайтарылышына кабатырланса, дагы бири техникалык экономикалык негиздеменин тегерегиндеги маселени көтөрүштү. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"