Элдик репортер: Сел аккан сайдын жанындагы там
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ноокен районундагы сел алып кетүү коркунучунда турган үй жөнүндө видео келген. 

Үй Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылынын Жүзбек Эшенкулов көчөсүндө жайгашкан. Там сайдын жээгинде жайгашкан дагы жашоочулардын айтуусуна караганда, 2-3 сел болсо үйдү агызып кетет. Бул аймакта сел көп жүрөт да, жанындагы сайдын четин жеп койгон. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.