Жеңиш майрамында айрым окуучулардын жоосунсуз жоруктарына капа болгон айыл тургундарынан "Элдик репортер" рубрикасына кайрылуу келген. Анда мындай айтылган:
Биз Жайыл районундагы Орто-Суу айылынын аксакалдары Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата эстелик тургуздук элек.Ошол жылдан тартып биз аксакалдар өзүбүз тазалап жана 9-майда жыл сайын куран окутуп, ата-бабаларды эскерип келебиз.
Эстелик айылдагы мектептин жанына жайгашкан. Бирок, ушул жылдар бою мектеп тарабынан кайдыгерлик мамиле болуп келди. Бул эстелик өзүбүз үчүн эмес, жаш муундар учун таалим тарбия болсун деп аракет кылдык эле. Мектеп директоруна дагы бир нече ирээт кайрылганбыз.
Ушул жылы эстеликтин жанына эскерүү өткөрмөк турсун, окуучулар анын үстүнө чыгып алышып сүрөткө түшүп, интернетке таркатышыптыр. Мындай көрүнүш айыл аксакалдарын оор тийди.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.