"Элдик репортер" рубрикасына Ак-Босого жаңы конушунун тургуну коңшусуна арыз видеосун жиберген. Видеого коңшусунун үйүнөн чыккан кир сууну жана короосундагы малдын кыгын көчөгө чыгарып койгондугун тартып жиберген.
Бул жерден кандай жыт чыгаары айтпасак да белгилүү болсо керек. Видеодо көргөзүлгөндөй, сууда желим бөтөлкөлөр да калкып жүргөнүн көрсөк болот.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.