Элдик репортер: Оңдолбогон арыктардан суу ташып, турак-үйлөрдү каптап жатат
Новость

Элдик репортер рубрикасына Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургуну жол оңдоо иштери боюнча видео материал жиберген. Окурман билдиргендей, жол оңдоо иштеринде сел акчуу суу түтүктөрүнө көңүл бурулган эмес. Жол ондоо иштери бүтүп, асфальт төшөөнү баштаганы жатышса да түтүктөр бузулган абалда. 

"Эки жыл мурун ушул оңдолбогон түтүктөрдүн себебинен эки үйдү сел алып, жашоочулары ӨКМдан 200 000 сомдон ссуда алып кайра үй тургузушкан."-деп кошумчалады окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.