Новопавловкадагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин жанындагы таштанды салынган урна, тегерек четинде жашаган жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратууда.
Таштанды салынган урналарды "Тазалык" ишканасына акча төлөбөгөндүктөн алып кетишбейт. Мектеп айына 700 сомдон акча чогултушат, ушуну жөндөп тазалашпайт. Качан гана кеч киргенде ушул жерге топтоп туруп өрттөп башташат. Мындан чыккан түтүндүн жытынан эшик терезелерди ачып отурганга да мүмкүн эмес.
деп,- "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.