"Элдик репортер" рубрикасына шаарыбыздын тургуну Жибек Жолу / Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги авто унаалардын башаламан токтоосуна нааразычылыгын билдирген видео материал жиберген.
Видеодогу авто унаалар "Гоин" соода-түйүнүнүн алдына токтошот. Бул ушул жылы эле пайда болгон маселе эмес, бир канча жыл болду. Бирок эч ким көзөмөлгө албайт бул башаламандыкты.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.