"Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз төмөндөгүдөй маселе менен кайрылган.
Бул сүрөт айтылуу Ош базарынын Токтогул көчөсүнө чыгып келе жаткан жери. Майып адамдар жана пенсия жашындагы адамдардын атынан суранып жатып, белги койдурганбыз. Бул белги майыптардын арабасынан башка унааларга токтого болбойт деген белги. Ошол майыптардын арабасы токтой турган орунга жүрбөгөн унааларын коюп алып соода кылышат. Майып болсо да эптеп жанын багып иштеп жүргөн майыптар өтө кыйналып жатат. МАИ кызматкерлерине унааларды алдырып бергиле десек участкага кайрылгыла деп айтышат, алар болсо МАИ кызматкерлерине шылтайт. Акимчиликтетин келген адамдарга жолго соода кылып жатат иретке келтирип бергиле десек арыз жазган киши жок дейт. Айла таппай сиздерге кайрылып жатабыз. Биздин өтүнүчтү керектүү жерлерге жеткирип берүүңүздөрдү суранабыз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.