Элдик репортер: Жумуш убагында ордунда жок дарыгерлер
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу дарыгерлердин шалаакылыгына жаны кейиген маалымат жиберген. Маалымат видео түрүндө келип, күндүзгү саат эки жарымдар чамасында тартылган. Оорукана Өрнөк айылындагы жалгыз оорукана экендигине карабастан иш учурунда бейтаптарды карачуу эч ким жок.

Окурманыбыз кичинекей баласынын табы ысыганынан көргөзгөнү келген. Бирок көргөнгө киши жок.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.