Өлкө аймагында 25-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызгидромет агенттиги май айынын акыркы он күндүгүнө карата аба ырайы тууралуу "Биринчи радиого" маалымат берди. Ага ылайык жакынкы күндөрү өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт. 

Ал эми жуманын экинчи жарымынан тарта абанын температурасы жогорулайт. Күндүн кескин ысышынан улам дарыяларда суунун көлөмү көбөйүп сел жүрүү коркунучу пайда болот. Ошондой эле дарыгерлер ысык аба ырайы адамдын ден соолугуна да таасир тийгизерин айтышат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"