Элдик репортер: Бүтө электе эле жарыла баштаган тротуар
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына жол оңдоо маселеси боюнча видео келген. Жол оңдоо иштери аягына чыга электигине карабастан, жаңы бүткөн бөлүктөрүндө тротуарлар жарылып баштаган. Бул көрүнүш жолдун эки четиндеги тротуар тең ушундай.

"Мамлекеттин казынасынан акча бөлүнүп жаткандан кийин көзөмөлдөшпөйбү, акчаны жөн кетирбей..."- деп жашоочулар нааразычылыгын билдиришүүдө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.