Элдик репортер: Ооруканада бир айлык баласы менен 4 саат кезек күткөн келин
Новость

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында бир айлык баласы менен 4 саат кезекте турган келин жагдайды төмөндөгүдөй баяндаган:

Кезек күткөндөрдүн көп экендигине карабай, бир гана врач кабыл алып жатты. Ал дагы улам чыгып кетет, кайра келет. Ошентип жатып, бир баланы караганга 1 саатка чейин убакыт кетип жатты. Бул жерде качан болбосун ушундай көрүнүш. Саламаттык сактоо министрлиги ушундай жерлерди көзөмөлгө алып, жок дегенде балдар менен чоңдордун кабыл алусун өзүнчө бөлүпр койсо жакшы болмок. Эмчектеги балам менен ачка болуп, өзөрүп 4 саат ошол жерде жүрдүм. Мага окшоп баласы менен кыйналгандар четтен саналат. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.