Элдик репортер: Аялдамага токтоп кооптуулук жараткан таксилер
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына жолдогу башаламан токтогон авто унаалар жөнүндө видео материал жиберилген.

Жол кырсыктарына, жол тыгындарынын пайда болуусуна дайым кичи автобустарды күнөөлөп келебиз. Бирок алар башаламан токтоосуна өзүбүз аларды каалаган жерибизден тосуп же авто унааларыбызды каалаган жерге токтотуп башаламандыкка шарт түзүп жатканыбызды сезбейбиз, сезсек да бир жолу эч нерсе болбойт дейбиз. Ошентип ар бирибиздин кайдыгерлигибизден жол кырсыктары азайбай, башаламандык токтобой келет.

Кечэ күнү эле Жибек Жолу/Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуарга токтогон авто унаалар жөнүндө мааалымат берсек, бүгүн дагы бир окурманыбыз Жибек Жолу/Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Табылга" соода түйүнүнүн маңдайындагы ушундай эле башаламандык жөнүндө видео жиберген. Видеодон авто унаалар аялдаманын так алдына токтогондуктан  кичи автобустар жолдун ортосуна токтоого аргасыз болуп,  эл дагы жолдун авто унаалар жүрчүү жерине чыгып алышкан.

Карай келсек, дал ушул көйгөй ар бир көчөдөн, ар бир райондон сөзсүз кездешет.

Бул жол кооптуулугун ким, качан чечет?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.