Элдик репортер: Чаткүл айылынын киши өтө албачу жолу
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Сокулук районунун тургуну жол маселеси тууралу видео материал жиберген. Видеодо тартылган жол Сокулук районунун Чаткүл айыл аймагына тиешелүү. Жолдун абалы абдан кейиштүү. Жолду асфальттамак турсун, түзөп, шагыл сээп берип коюшса деле айыл эле кубанышмак. Себеби бул жол менен  айыл эле кант кызылчасын ташып жан багышат, ал эми жол баткак, көлчүк, аң-дөң.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.