Элдик репортер: Эки айылды бириктирген жолдогу таштанды
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ысык-Көл облусунун тургуну таштанды маселеси боюнча видео материал жөнөткөн. Видеодо маалымдалгандай, Тоң району менен Бөкөнбаев айылдарын бириктирген жолго Бөкөнбаев айылы таштанды төгүшөт.

 Ушул жол менен барчуу мындан башка дагы айылдар болгондуктан Тоң районунун жашоочуларына таштандыдан чыккан жыт, нары-бери учуп, тоголонуп жүргөн желим баштыктар менен бөтөлкөлөр ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын айтып,  таштанды гана эмес ит, мышыктардын өлүгүн дагы ыргытышкандыктан ден-соолугуна да кабатыр болуп жатышкандыктарын кошумчалашкан. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.