"Элдик репортер" аркылуу көрсөтүлгөн тротуардагы курулуштун тосмосу алынды
Новость

POST1RIGHT

8-майда "Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз, Исфана шаарынын борбордук көчөсүндөгү курулуш тротуарды бүтөп салып жатат. Аргасыздан унаалар өтүүчү жол менен басып калышты элдер. Мэриянын имаратынын жанында эле жайгашкан, эч кандай көңүл бурулбайт ушундай курулуштарга деп маалымат жиберген.

Көп өтпөй эле, ушул маалыматты жөнөткөн окурман, тротуардагы курулуштун тосмосу алынды деп, кайрадан бизге сүрөткө тартып жакшы кабары менен бөлушүп өттү.Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.