Элдик репортер: Таштанды маселеси качан чечилет?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына келген маалыматтардан эң көбү таштанды маселеси боюнча. Башаламан ыргытылган таштандылардын айынан ар кандай оорулар пайда болуп, жыт чыгып, шамал болгондо нары-бери учуп жаратылышты булгоодо.  Таштандыны өрттөсөң да абаны булгайт. 

Бүгүн дагы окурмандардан "Манас" аэропортуна бара турчуу трассадан 100 метр алыстыкта жайгашкан таштанды төгүүчү жай тартылган видео келген. Таштандылар 1 км ге жетип кеткен. Окурмандын айтуусу боюнча, кай жерге кайрылышпасын эч кандай жыйынтык жок.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.