Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда 5 айдын ичинде тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 200гө жакын балага операция жасалды. Алардын жарымынан көбү 1 жашка чейинки ымыркайлар.
Ал эми чоңоюп калганда жүрөк кемтиги аныкталган оорулууларды дарылоодо Кыргызстандык хирургдар эндоваскулярдык операцияны колдонууда. Техникалык жактан татаал келген жаңы ыкманы ишке ашыруу дарыгерлер үчүн кыйын болгону менен оорулуулардын дене сулуулугу үчүн мааниси чоң.
Кыргызстандык жүрөк хирургдары операция жасоодо жаңы ыкманы киргизишүүдө. Ал эндоваскулярдык хирургия деп аталат. Техникалык жактан аны ишке ашыруу абдан татаал болгондуктан, көп дарыгер бул ыкманы пайдаланбайт. Бирок жетилген курактагы оорулуулар үчүн ыкманын пайдасы чоң.
8 айлык наристенин жүрөгүнө операция жасалганына 10 күн болду. Бирок өзүнө келе элек. Оорусу өтө оор болгонуна карабай операция ийгиликтүү өтүп, жыйынтыгы жакшы болот деп үмүт менен күтүп жатышат.