Борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жатканы менен оңдоого муктаждары четтен саналат. Рубрикага өзгөчө жаандан кийин көлчүккө айланып, басууга кыйынчылык жараткан көчөлөр тууралуу келген маалыматтар көп.
Алардын бири кечээги жамгырдан кийин видеого тартылып алган Жибек-Жолу менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлчүктү айтсак болот.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.