Айыл жергесиндеги көйгөйлөр "Элдик репортер" рубрикабызга байма-бай келип жатат. Элди түйшөлткөн маселелер жол, таштанды жана таза суу... Айрым айылдарда эскилиги жетип урап калуу коркунучунда турган мектептер да бар.
Андай мектептердин бири Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Арык айылында жайгашкан. Маалыматта айтылгандай бул мектеп бир убакта малчылардын жатаканасы болуп, кийин мектеп кылып алышкан.
Учурда мектептин эскилиги жетип, начар абалда. Мындан тышкары айыл тургундары бала бакча, ооруканага зар. Таза суу маселеси да кыйнап, коңшу айылдардан алып келишет.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.