Элдик репортер: Күйүүчү майдын баасын көтөрүүгө эмне себеп болууда?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Нарын шаарынын тургундары май куйуучу жайдын ээсинин өз билемдик иш аракеттерине нааразычылыктарын билдирген маалымат жиберишкен.

Нарын шаарында жайгашкан ушул май куйуучу компания 3 күндүн ичинде эч негизсиз, мыйзамсыз эле күйүүчү майдын баасын 3-4 сомго кымбаттатып жиберди, дагы кымбаттоосу күтүлүүдө. Кызматкерлерден эмнеге мынча тез кымбаттатканын сураганыбызда, май куйуучу жайдын ээси кымбаттатып аткандыгын айтышты. Буларды текшерүүчү органдар барбы деги? - деп жазылган билдирүүдө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.