Искандаров: Өзбекстандын чек арадагы кадамын басып кирүү катары баалоого болот
Новость http://sputnik.kg/

Өзбекстандын чек арадагы кадамын басып кирүү катары баалоого болот. Мындай пикирин Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында,  кыргыз-өзбек чек арасында макулдашылбаган 58 аймак бар. Делимитация иштери аяктаганга чейин эч бир тарап өз алдынча кандайдыр бир көзөмөл өткөрүү жайларын кое албайт.

Курбанбай Искандаров коңшу мамлекет колдонуп келаткан жерлер көп экенин кошумчалап, делимитация учурунда алар Кыргызстанга кайтарылышы керектигин баса белгиледи.