"Элдик репортер" рубрикабызга быйылкы 10, 20 жыл мурун мектеп босогосун аттаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан дагы жакшы кабарлар келип түшүүдө. Алар ысырап кылып, майрамдагандын ордуна айылына, мектебине зарыл болгон нерселерди жасап беришүүдө.
Муктаж адамдарды үйлүү кылгандар да жок эмес. Бул сапар Ысык-Кол облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын 10 мурун бүткөн бүтүрүүчүлөр атайын наристелерге арнап, балдар аянтчасын куруп беришкен.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.