Борбор калаанын былтыр оңдоодонөтүп, колдоонуга берилген жолдорунун сапатына нааразы болгон тургундар да рубрикабызга кайрылууда.
Алардын бири Ынтымак конушунун Орто көчөсүнүн жолу былтыр 2017-жылдын ноябрь айында колдонууга берилген.
Бирок сапатсыз курулгандыктан, май айынан бери кайра оңдоо иштери жүрүүдө. Бир жылга жетпей жамаачы чапталган жолдун абалы 1-2 жылдан кийин эмне болот? Тиешелүү жактан текшерүүгө албай эле, мамлекеттин акчасы талаага чачыла береби-, деп нааразылыгын билдирген конуштун тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.