Бүгүн китепканалар күнү
Новость www

27-май - китепканалар күнү. 

Өкмөт 2008-жылы өлкөнүн билим берүү, илим, маданият жана маалымат багыттарында китепканалардын олуттуу ордун белгилөө максатында 27-майды -китепканалар күнү деп жарыялаган. 

Бул күн Кыргызстанда 1902-жылдагы 27-май күнү түзүлгөн алгачкы коомдук китепкананын ачылыш салтанатына туш келет.