"Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз Сокулук району, Фрунзе совхозу, Комсомольский 2 айылы менен Манас айылынын ортосунда жайгашкан таштанды маселеси боюнча видео тартып жөнөткөн. Манас аэропортуна кетүүчү трассанын боюнда 100-150 метр алыстыкта жайгашкан.
Таштанды төгүүчү жайга баардык жактан келип төгүшөт. Раздольный, Комсомолский айылдарынан чогулткан таштанды ташуучу унаа ушул жерге төгөт. Бул жактан чыккан жагымсыз жыттан эшик терезелерди ачып отура албай калдык. Эч кандай чара көрүлбөй жатат дейт,- кайрылган окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.