Ысык-Көл облусундагы Түп аймактык балдар ойноочу аянтчанын абалы өтө начар. Балдарды ойнотконго такыр мүмкүн эмес. Мындан башка ойното турган жерибиз жок. Селкинчектер сынып калган, кооптуу абалда. Тегереги таштандыга толгон. Отура турган отургучтар сынып, жараксыз абалда турат.
Жаз келмек турсун бүтүп баратат, айыл өкмөтү ушуга бир көңүл буруп, оңдоп берип койсо жакшы болот эле деген окурманыбыз, "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.