Элеттеги элдин үнүн уккан барбы? Аймактарды өнүктүрүү жылында айылыбызда эч кандай жылыш көрө алган жокпуз,- деп кайрылышкан Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылынын тургундары.
Видеодо тартылган канал 3 айылды суу менен камсыз кылат. 2017-жылы тендерге коюлуп, күз айында башталган курулуш иштери бүтпөй токтоп калган. Анын айынан 8 айдан бери айыл тургундарына суу жетпей калган. Анысы аз келгенсип, сапатсыз курулгандыктын айынан каналдын куюлган цементи урап түшө баштаган. Айылда суунун тартыштыгынан бак-дарактар куурап атат. Тендерден уткан компанияны текшерген адам жок. Ала-Буканын айылына келип, абалыбызды сурай турган адам барбы?-, деп нааразычылыгын билдирген айыл тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.