Элдик репортер: Коомдук унаалардын жолун тороп, аялдаманы ээлеген таксилер
Новость

Шаардын батыш жагында жашаган адамдардын баары Ош базарынын районундагы жол оңдоо иштери башталгандан бери жол тыгындарынан кыйналып жаткандары белгилүү. Жол оңдоо иштери баштала электе эле башаламан болгон Ош базарынын тегерек-четинен авто унаалар гана эмес жөө адамдын тынч өтүүсү оор болуп турган маал.

"Элдик репортер" рубрикасына дагы бир нече видео, сүрөт материалдар келүүдө бул маселе боюнча. Бири жол тыгындарына нааразычылыктарын билгизишсе, экинчиси жол оңдоо иштери башталганына кыйла убакыт болсо да, жол жүрүүдөгү башаламандыкты жөнгө салууга бир дагы жол көзөмөлдөөчүлөр келбегендигин айтышат. 

Ал эми дагы бир окурманыбыз, Павлов көчөсү менен өйдө чыгып бара жаткан көчөдө, Чүйгө жетпей, жеке менчик авто унаалар, автобустар, киши ташуучу маршруттук унаалар батпай атышса, жеке менчик таксилер дагы жолдун бир сызыгын ээлешип тизилип турушат.

"Жок дегенде жол оңдоо иштери жүруп жатканда таксилерди башка жакка токтото турушса болбойт беле?"-деп билдирүү жиберген.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.