POST1RIGHTНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Акталчат көпүрөсүнүн курулуш иштери бүтпөй, айылдын тургундарына кыйынчылык жаралып жатканы тууралуу буга чейин рубрикабызга келген маалыматтарга таянып маалымат чыгарганбыз.
Айланып жүрүүдөн тажаган эл, тобокелге салып аркан менен өтө баштаган.
Көпүрөнү министр келет дегенде, түндөп иштеп, курулуш техникаларын алып келишкен. Келип кеткенден кийин кайра уланган жок. Эл кыйналып бүттү. Министр келет дегенде эске түштүк эле, кайра унутулуп калдык, -деген маалымат жөнөткөн тургун.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.