Элдик репортер: Жол оңдоо иштери бүтпөгөн Жийде-Бел ашуусу
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ак-Суу районунун тургуну жол оңдоо маселеси боюнча видео жиберген. Видеодо тартылган жол, Жийде-Бел ашуусунун жолу. Окурмандын айтуусу боюнча, жол оңдоо иштери башталганынан бир айдан ашык убакыт өттү. Бирок же жолду оңдошпой, же тийбей коюшпай, азыр жолдо жүрүүгө мүмкүн эмес болууда. Өйдө чыкканда авто унааларга күч келип суулары кайнап кетип да жапа чегишүүдө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.