Элдик репортер: Бүтпөй жатып чырга айланган газ түтүктөрү
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну газ маселеси боюнча видео материал жиберген. Окурмандын билдирүүсү боюнча, газ түтүгү көчөнүн оң тарабына тартылып, сол тарабына тартылбай калган. Бул көрүнүштү жолдун сол тарабы долбоорго кирбей калгандыгы менен тушүндүрүшкөн. Бул көчө Кара-Жыгач жаңы конушунун Төө-Ашуу көчөсү. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.