Элдик репортер: Туура эмес эсептелген электр жарыгы үчүн, олчойгон сумма чыгууда
Новость

Мындай нааразылыгын Каракол шаарынын тургуну билдирет. Анын жөнөткөн маалыматында кышы менен электр жарыгы үчүн чоң суммадагы акча келип жаткан. Бирок барып арызданганынан жыйынтык болгон эмес.

Кышы менен ушундай сумма келип жатты. Биздин үйдөгү эсептегичтин акыркы сандары көрсөткүч менен туура келбей жатканын айтып, текшерүүчү адисине кайрылып жаттым. Эч нерсе болбойт, кийинки айда аз төлөйсүз деген жооп менен калып калабыз. Кийин эсептөөчү бөлүмүнө барсак,  компьютерге кирген нерсени өзгөртө албайбыз деп коюшту. Кайра , бизге ошол акчаны төлөгүлө деп кыйнашат. 27-май күнү келген көрсөткүчтү көтөрүп барсам, мага окшогондор дагы көп экен. Ал жерде ызы-чуу. Акыры үйдөгү туура санга таянып, тууралап беришти. "Чыгыш электро" тармагынын кызматкерлери үйгө келип, текшербей эле ушинтип бизди кыйнап, алдай беришеби?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.