"Элдик репортер" рубрикасына Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын тургунунан жол маселеси боюнча маалымат келген.
Илгери союз кезинде эле салынган жолдор али бүгүнкү күнгө жетип, бирок эскилиги жеткендиктен аң-чункурлар пайда болуп, унааларга тоскоолдуктарды жаратат. Кайсы ишкана экени белгисиз, айтор, жолчулар бул айылга да келип (келгени жакшы), кечке жүрүшүп, жок дегенде жамап-жаскап койбостон, тешилген чуңкурларды ошол эле топурак, кум менен бүтөп толтуруп, буттары менен таптап коюп кете беришти. - деп жазылат билдирүүдө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.