"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну жол маселеси боюнча видео материал жиберген. Видеодогу тротуар Лев Толстой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде, "Баткен" базарынын маңдайында жайгашкан. Жол оңдогонуна эки жол болгон. Бирок жолчулар шашып салышканбы же "эптеп жасап коелу" кылышканбы, айтор, тротуарда кичине жаан жааса эле арык жоктугуна байланыштуу суу агып, адам басууга мүмкүн эмес болуп калат. Ошондуктан нары-бери өткөн адамдар авто унаа жүрүүчү жол менен басышууда. Бул жол шаардын борбордук бөлүктөрү жана дагы базар болгондуктан авто унаалар тынбагандыктан, "авто унаалар адамды сүзүп кетсе эмне болот" деп кабатырланган.
Азыркы убакта жолдун оңолгондугуна сүйүнүп болбой калды. Же арыкты унутуп кетишет же бат эле аңдар пайда болуп баштайт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.