Элдик репортер: Аракечтик маселеси менен кантип күрөшүүгө болот?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына улуттун көйгөйү болгон, канча үй-бүлөлөрдү бузган, кыйын-кыйын адамдарды акылдан адаштырган арак маселеси боюнча видео материал келген.  Видео Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишине жакын Ош базарынын ичинде тартылган. Анда алдуу-күчтүү эле мырза мас абалында көчөдө жаткандыгын көрүүгө болот.

Бул жер арака берилип кеткендердин турагы болуп калгандай, күн сайын видеодо тартылган адам сыяктуу ар кайсы жерде жаткандардын же адамдык сапаттан кетип жакалашып, сүйрөшүп жүргөн аял-эркектерди көрөсүң. Ош базарга шаарыбыздын тургундары жана өлкөбүздүн 7 дубанынан келишет, чет жактан келгендерди да көрүүгө болот, жаш балдар, кыздар жүрүшөт. Өткөн тарыхыбызды карасак ата-бабаларыбызда мындай терс көрүнүштөр дегеле болбоптур, Кыргызстан деле мусулман өлкө го, эмне үчүн араксыз жашай албайбыз? Эмне үчүн аракты күпүлдөтүп чыгарып, суудай агызып  сатып жатышат, же ушул арактан элибиздин экономикасы укмуш көтөрүлүп жатабы?  

Жаткан жигиттерди карасаңар тирүүлүктүн тозогуна түшкөн байкуштар. Булардын ата-энеси, үй-бүлөсүнүн, бир туугандарынын абалы кандай? Нечен жакшы адамдар арактан бузулуп жатышат, канчалары аял-эркек дебей мөөнөтүнөн мурун каза болушууда. Бул арак  кыргыз элинин чекесине чыккан чыйкандай өтө чоң көйгөй, тукум бузуучулук, илим жүзүндө деле аныкталган. Жок дегенде ошол жердеги участкалык тартип сакчылары карап коюшса. Союз кезинде соолуктуруучу жай деген болчу. - деп билдирет окурманыбыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.