Элдик репортер: Ош базарында сатылып жаткан тамактардын санитардык абалы кандай?
Новость

Элдик репортер рубрикасына шаар тургуну Ош базарындагы ачык асманда эч нерсе менен жабылбай, тосулбай сатылып жаткандыгына нааразычылыгын билдирген видео материал жиберген. 

Бул сатуучу аялдардын жашоого жана балдарын багуунун аракети, буларды күнөөлөй албайбыз, бирок сатылып жаткан тамак-аштардын санитардык абалы кандай? Бул жерге шарт түзүп берүүгө болобу?  - деп жазылган билдирүүдө.

Чындыгында, Ош базарында гана эмес мындай көрүнүштү башка дагы базарлардын бардыгынан кезиктирүүгө болот. Жанындагы жолдо авто унаалар, адамдар тынбай өтүшөт. Бирок эч ким көзөмөлдөбөйт.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.