Шабдан баатыр менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы өтмөктө эч кандай оңдоо иштери жүргөн эмес. Жарыктандыргычтар жок, жагымсыз жыттанып турат. Адамдар бул өтмөктөн көп өтөт, ал эми жаш балдар караңгыда өтө албайт. Бул жакта башка жол жок болгондуктан, поезддин жолунун үстүнөн кесип өтөбүз. Мэрия карап оңдоо иштерин жүргүзүп берсе жакшы болот эле деп,- кайрылган окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.