Элдик репортер: Ноокат районунда таза суу маселеси чоң көйгөйгө айланды
Новость

Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндө таза суу маселеси чоң көйгөйгө айланды. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар "Элдик репортер" рубрикасына билдирди.

Алардын айтымында, аймакта бир күндө жарым саатка эле чыккан сууга кезекке туруп суу алышат. Андан улам суу жетпей калып, суусуз калган күндөр да кездешпей койбойт.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.