Каракол шаарындагы Алиман Жанкорозова атындагы конушунда эң негизги көйгөйлөрүнүн бири таза суу маселеси. Тургундардын айтымында, ичүүчү суудан ар кандай курттар, балырлар чыгып жатат. Мындай сууну ичкен адам инфекциялык ооруларга ,жаш балдардын ич өткөк жана башка жугуштуу ооруларга кабылышы мүмкүн. Окурманыбыз "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.