Элдик репортер: Газ киргизилген көчөлөргө көңүл бурган бирөө барбы?
Новость

Борбор калаагы газдаштыруу иштери өз нугунда жүрүп, бир нече конуштар көгүлтүр отко туташтырылып жатат. Бирок газдуу болобуз деп, жолдун азабын тартып жатабыз деп кайрылган тургундардын кайрылуусу көп болууда. "Элдик репортер" рубрикасына бул жолу дагы 1 жылдан бери жол көйгөйүн тартып жүрүшкөн Ак-Өргө конушунун Жетиген көчөсүнүн тургундары кайрылышкан. 

Биздин конушка 1 жылдан бери бизге газ тартылып жатат. Ошондон кийин көчөбүзгө басууга мүмкүн болбой калды. Буга чейин көчөбүздү өзүбуздүн каражатка оңдотуп алдык эле. Унаабыздын баары талкаланып бүттү. Жамгыр жааганда тыгылып чыкпай калат. Газ тартып жаткандарга кайрылсак, эч кандай жыйынтык чыккан жок. Бул маселенин чечүү мүмкүнчүлүгү барбы? Же ушундай эле казып-оюп кете беришеби?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.