Оңдолбой жатып, ортосу ажырап, шагылы чачырап жаткан борбор калаадагы көчөлөргө нааразы болгон тургундар көп. Биздин рубрикага жыл айланбай бузулуп, кайра "таз" кейпине түшкөн жолдор тууралуу дагы келген маалыматтар көп.
Жолду го оңдошту, бирок сапатына ким көзөмөл кылат же жыл айланбай бузулган жолдорду өкмөт акча коротуп кайра оңдото береби? Ушуга кеткен кайран акча,- дейт Арча-Бешик конушунун тургуну 2017-жылдын күзүндө оңдоодон өткөн Чортеков көчөсүнүн абалын маалымдап.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.