Элдик репортер: Үч жылдан бери салынып бүтпөгөн футбол аянтчасы
Новость

Талас облусундагы Покровка айылынын тургуну "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн. Анын айтымында, үч жыл мурун айыл өкмөтү газон салып баштаган, бирок аягына чейин чыккан жок. Футбол аянтчасына бөлүнгөн акчаны жок кылып коюшкан экен дейт,- окурманыбыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.