"Элдик репортер" рубрикасына Баткен облусунун тургуну жол маселеси боюнча видео материал жиберген. Видеодо тартылган жол Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылына бара жаткан жол. Жолдо эч кандай оңдоо иштери жүргөн эмес, кышында, жаан-чачын жааган убакта өтүүгө болбой калган учурлар болот.
Айыл өкмөтү деле грант алып, оңдогонго аракет жасабайт - деп кошумчалаган окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.