POST1RIGHT
Республика аймагында балдар үчүн улуттук оюндар кербени старт алат. Иш-чара Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстандын 14 шаарынан балдар катышат. Бүгүн, 5-июнда кербен Кант шаарынан башталып, Ысык-Көл, Нарын облустарын, жана андан ары Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарын 30-июнга чейин кыдырып келмекчи.
"Балдар кербени" долбоорунун алкагында 25 спорттун түрү боюнча оюндар ойнотулат. Максат көчмөн элдердин спорттук оюндарын мектеп окуучуларынын арасында жайылтуу, өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды таанытуу менен балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу дагы да тереңдетүү.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"