CCTV телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрсөтөт
Новость www

Кытайдын Борбордук телеканалы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрсөтөт. CCTV телеканалы оюндарга атайын чыгармачыл топ жиберет. 

Андан сырткары, оюндар тууралуу промороликтерди көрсөтүп турмакчы. Бул келишимге Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова менен CCTV эл аралык телеканалынын директору Цзян Хэпиндин жолугушуусунда жетишилди. 

Жолугушууда эки тарап III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жарнамалоо боюнча да сүйлөштү. CCTV эл аралык телеканалы оюндар тууралуу көрсөтүүлөрдү байма-бай көрсөтүп турууга макулдугун берди.