Элдик репортер: Жарым-жартылай бүткөрүлгөн жолдун тагдыры кандай болот?
Новость

Жалал-Абад шаарында былтыртадан бери ички көчөлөрүндө жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Биздин рубрикага буга чейин дагы иштин жай жүрүп, казылган жерлер жумалап калып, шаар тургундарына тоскоолдук жаратып жатканын билдиришкен. 

Бул жолу дагы жол маселесине байланышкан маалыматта, төмөндөгүдөй айтылат:

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул жана Барпы Сейил көчөлөрүнө 1 жыл мурун жарым-жартылай асфальт төшөлүп, ошол бойдон иш кайра уланган жок. Дагы канчага чейин ушундай акыбалда турат? 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.