"Элдик репортер" рубрикасына борбордун Арча-Бешик жаңы конушунун тургундарынан маршруттук кичи автобустарга болгон нааразычылыгын билдирген видео материал келген. Бул көчөгө жалгыз 152 маршруттук кичи автобус каттайт. Ал маршруттук унаанын айдоочулары да каалашса жүрүшөт, каалабаса келбей да коюшат, адам толсун деп көпкө күттүрүп туруп алышат, айтор, өз билемдик.
Видеодо көрсөтүлгөндөй, көп адам чогулуп турса дагы кичи автобус тапшырык менен жүрөм деп жүрүп кетти, чыркырап айласы жок эл калды.
Элдин кызыкчылыгын ойлобогон ишканалардын эмне кереги бар?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.