Элдик репортер: Жаан жааганда балчыкка айланган көчө
Новость

Аламүдүн районундагы Фабричный көчөсү жаан жааганда балчыкка батып, жай айында чаңга сапырылып, бут басарга жол жок болуп калды. Канча жолу айыл өкмөтүнө кайрылдык, эч жардам жок. 

Шайлоо учурунда чоңдорубуз келип жолуңарды жасатып, суу, газ киргизип беребиз деп айтып кетишет. Бирок ошол бойдон бир да жолу басып келип коюшпайт дейт,- "Элдик репортер" рубрикасына видео жөнөткөн окурманыбыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.